Талас облусунун Кара-Буура РИИБинин кызматкерлери коронавирус илдетин алдын алуу боюнча бир катар иш-чараларын жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү үчүн Бакыян айылына санитардык-карантиндик пост орнотулган. Мындан тышкары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте кошумча жалпы 12 пост коюлган.
Ошондой эле, мобилдик топтор уюштурулуп, тиешелүү аймактарда кайгул жүргүзүлүп жатканы айтылат. Ал эми кызматкерлер беткап, коргонуучу кийимдер, кол кап жана антисептиктер менен камсыздалганын билдиришти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн