Бештин айы 27, 2024
Убакыт: 02:57
USD
86.85
87.35
EUR
90.10
91.10
RUB
0.860
0.900

Таласта мыйзамсыз берилген жерлер муниципалдык менчикке кайтарылды

26.12.2024 13:34
43
Таласта мыйзамсыз берилген жерлер муниципалдык менчикке кайтарылды


Талас облусунда мыйзамсыз берилген жер тилкелери муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Бакай-Ата районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүүнүн жүрүшүндө, Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2004-жылдагы токтомунун негизинде, №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна тиешелүү 2550 чарчы метр жер тилкесинин жеке тарапка мыйзамсыз менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталган.

Прокуратуранын актысынын негизинде бул жер тилкеси жана ал жердеги 259,4 чарчы метрлик соода имараты 14 млн 663 миң 670 сомго бааланып, муниципалдык менчикке кайтарылды.

Ошондой эле Талас облусунун Айтматов райондук прокуратурасы тарабынан Аманбаев айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 0,77 га жайыт жерлеринин 11 жаранга мыйзамсыз берилгендиги аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук доо арыздар сот органдары тарабынан канааттандырылып, баасы 1 млн 910 миң сомду түзгөн жайыт жерлери да муниципалдык менчикке кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн