Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Таласта мыйзамсыз курал саткан жаран кармалды

26.04.2022 15:20
412
Таласта мыйзамсыз курал саткан жаран кармалды

Ок атуучу куралдарды мыйзамсыз жүгүртүү каналына бөгөт коюлду.


УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 2022-жылдын 21-апрелинде КР УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жана атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүгү ("Курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып козголгон кылмыш ишинин алкагында, ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сатууга аракет кылып жаткан учурда оптикалык жабдык менен Б.К.Т., аттуу Талас районунун тургуну кармалды.


Ошону менен бирге, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жаран мыйзамсыз сактап жүргөн 3 даана ок атуучу курал ок-дарылары менен табылып алынды.


Бул факты боюнча учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн