Таластын Кара-Буура районунда эки жарандан күйдүргү оорусу тастыкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бейтаптардын абалы канааттандырарлык.
“Санэпидкөзөмөл департаментинин кызматкерлери үйлөрдү кыдырып, текшерүү иштерин жүргүзүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин Кара-Буура районунда күйдүргү оорусуна кабылды деген шек менен төрт жаран ооруканага жаткырылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн