Бугу 12, 2024
Убакыт: 00:29
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Таласта оорукананын курулушунда дээрлик 1 млн сом зыян келтирилген

29.12.2020 18:37
593
Таласта оорукананын курулушунда дээрлик 1 млн сом зыян келтирилген

2013-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти менен жеке ишкер «Д.А.А.» ортосунда Талас облустук бириккен ооруканасынын имаратын кайра конструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча келишим түзүлгөн.


2017-жылы Талас шаардык прокуратурасынын текшерүүсү менен дарылоо мекемесин оңдоодо аткарылган иштердин көлөмү ашыра көрсөтүлгөндүгү аныкталып, аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-бер. 2-бөл. (1997-жылдагы редакцияда) белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.


Тергөөдө аныкталгандай, техникалык көзөмөлдү жүргүзгөн Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы адиси Ч.К.М. менен жеке ишкер «Д.А.А.» аткарылган иштер боюнча актыларды түзүүдө жана кабыл алууда, иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмүн 916 миң 901 сомго ашыра көрсөтүшкөн жана тергөө учурунда келтирилген зыяндын жарым-жартылай ордун толтурушкан.


Тергөөнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза Кодексинин 304-бер. 2-бөл. жана 30-304-бер. 2-бөл. (1997-жылдагы редакцияда) каралган кылмышты жасагандыгы тууралуу шектенүү жөнүндө кабарлама жеке ишкер «Д.А.А.» жана Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери Ч.К.М. тапшырылган.


2020-жылдын 16-декабрында жогорудагы адамдарга карата айыптоо актысы бекитилип, кылмыш иши Талас шаарынын сотуна негизинен кароо үчүн жиберилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн