Чын курандын 05, 2025
Убакыт: 11:33
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Таласта опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча тергөөчү кармалды

19.09.2024 18:06
888
Таласта опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча тергөөчү кармалды


Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөөчү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан Талас облусунун укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө 17-сентябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Анын жүрүшүндө Ч.Р.Ж.га карата кылмыш ишин козгоону токтоткондугу үчүн 40 миң сом өлчөмүндө пара талап кылган деген шек менен Талас шаарынын ИИБнын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Б.Б.Т. кармалып, тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда жогоруда аталган укукка каршы жосунга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн