Бугу 10, 2024
Убакыт: 04:27
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Таласта өзгөчө оор кылмышка шектүү жаран изделүүдө

21.09.2021 12:26
440
Таласта өзгөчө оор кылмышка шектүү жаран изделүүдө

Талас облусунун Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өзгөчө оор кылмышка шектелген жаран изделүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, 2021-жылдын июнь айынан тартып Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну 1971-жылы туулган Биримкулов Бактыбек Настаевич өзгөчө оор кылмыш ишин жасагандыгы үчүн ички иштер органдарынан изин жашырып, качып жүрөт.


2021-жылдын 1-июлунда Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмү тарабынан ага карата издөө жарыяланган.


Б.Биримкуловдун өзгөчө белгилери: Бою 165-170 см, денеси орто түзүлүштө, бети тоголок.


“Кара-Буура РИИБи Б.Биримкулов боюнча кандайдыр-бир маалымат болсо төмөндөгү байланыш телефондоруна кайрылып коюңуздарды өтүнөт: 03422 5-27-79, 0500 56-76-76 же 102 кызматына”, - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн