Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:34
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Таласта пара берүү фактысы менен жеке ишкер кармалды

11.02.2021 16:40
603
Таласта пара берүү фактысы менен жеке ишкер кармалды

2021-жылдын 10-февралында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы сот тутумундагы коррупциянын көрүнүштөрүн жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, ЖСнын  алдында Сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын башчысынын кеңсесинде  "Э.Р.А." аттуу жараны кармалды  


 Кармалган адам сатылып алынган товарларга (автоунаа тетиктери) жогорулатылган бааларды жашыруу жана 50 миң сом өлчөмүндө пара катары сунушталган автоунааларды оңдоо боюнча кызматтарды көрсөтүү максатында Талас облусунун Сот департаментинин башчысына пара берген.

 Бул факт боюнча, сотко чейинки процесстин материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүгүндө (Пара берүү) каралган кылмыш белгилери боюнча  бирдиктүү реестрге катталды.


 Кармалган адам Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн