Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:19
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Таласта прокуратура кызматкерлери үчүн кызматтык үй берилди

24.02.2022 13:18
490
Таласта прокуратура кызматкерлери үчүн кызматтык үй берилди

Талас областтык прокуратурасынын кызматкерлери үчүн кызматтык үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Бүгүн, 24-февралда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушевдин катышуусунда Талас шаарында Талас областтык прокуратурасынын кызматкерлери үчүн 32 батирлүү 4 кабаттуу үй салынган кызматтык үйдүн ачылыш аземи болуп өттү.


Салтанаттуу иш-чарада башкы прокурор Курманкул Зулушев, прокуратура органдарынын кызматкерлери мамлекеттин укуктук тутумун чыңдап, кандай гана климаттык шарт болбосун өлкө аймагында мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткарууга тийиш экендигин баса белгиледи.


Иш чарага областтык прокуратура органдарынын жетекчилиги жана өздүк курамы, прокуратура органдарынын ардагерлери, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн