Бугу 13, 2024
Убакыт: 07:01
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Бирөө изделүүдө. Таласта "Киров" суу сактагычынан үч баланын сөөгү табылды

25.06.2022 13:59
558
Бирөө изделүүдө. Таласта "Киров" суу сактагычынан үч баланын сөөгү табылды


Таласта "Киров" суу сактагычынан үч баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-июнда, Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Үч-Булак айылында 13 жана 11 жаштагы бала Киров суу сактагычына түшүп кеткен. Ал жерге үч куткаруучу барып, бирок натыйжа болгон эмес. Ал эми бүгүн, 25-июнда, таң эрте издөө иштери уланып, саат 9:30 чамасында эки баланын сөөгү табылган.

Мындан сырткары, кечээ дагы бир кырсык катталган. Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынан өтүүчү кичи Талас каналына 14 жана 13 жаштагы өспүрүм кыздар чөгүп кеткен.

Издөө иштерине бүгүн 10 куткаруучу тартылган. Саат 08:30 чамасында бирөөнү жергиликтүү тургундар тапканы айтылган.

ӨКМ учурда издөө иштери уланып жатканын айтты.

ӨКМ кыргызстандыктарды балдарын чоңдордун көзөмөлүсүз сууга түшкөнгө жибербей, коопсуздук эрежелерин сактоого чакырууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн