Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Таласта санитардык-гигиеналык нормалардын талаптарын сактабаган 107 мечит аныкталды

25.08.2023 13:47
697
Таласта санитардык-гигиеналык нормалардын талаптарын сактабаган 107 мечит аныкталды


Талас шаарындагы санитардык-гигиеналык нормалардын талаптарын сактабаган 107 мечит аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан "Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат концепциясын" ишке ашыруунун алкагында диний мекемелердин ишмердүүлүгүн текшерүү демилгеси көтөрүлүп, КР президентинин облустагы өкүлчүлүгү, Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин, санитардык-эпидемиологиялык станциясынын жана облустук казыяттын өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык топ түзүлгөн .

Текшерүүнүн жыйынтыгында иштеп жаткан 192 мечиттин жана намазкананын ичинен 5 мечиттин каттоодон өтпөгөндүгү, 172 мечитте өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы, ошондой эле санитардык-гигиеналык нормалардын талаптарын сактабаган 107 мечит аныкталды. 192 мечиттин 29у Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын каттоосунан өтө электиги белгилүү болду.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен райондук мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мечит имамдарына аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилди.

Жакынкы арада республикалык деңгээлде текшерүү уюштурулуп, мүмкүн болуучу жугуштуу оорулардын пайда болушуна жана жайылышына байланыштуу терс кесепеттерди алдын алуу максатында талапка жооп бербеген мечиттер жабыла турганы айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн