Талас облусунда жайгашкан Манас шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Марат Назарбековдун тарапташтары митингге чыкты. Бул тууралуу журналист Семетей Аманбеков билдирди.
Маалыматка караганда, нааразы тарап шайлоо ыплас өткөнүн айтып, аталган округдан дагы бир талапкер Дастан Жумабеков добуш сатып алганын билдирүүдө.
Эскерте кетсек, Манас шайлоо округунан добуштардын алдын ала эсептөөлөрүнө ылайык Дастан Жумабеков жеңип чыккан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн