Бугу 10, 2024
Убакыт: 12:13
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Таласта шайлоону ачык өткөрүү жана калкты көмүр менен камсыз кылуу маселеси талкууланды

16.11.2021 17:10
588
Таласта шайлоону ачык өткөрүү жана калкты көмүр менен камсыз кылуу маселеси талкууланды

Бүгүн, 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Манас райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында атаган райондун айыл өкмөт башчылары жана райондук укук коргоо органдарынын башчылары менен жыйын өткөрдү.


Кеңешмеде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкерлердин үгүт иштерине мамлекеттик жана бюджеттик кызматкерлердин аралашуусуна жол бербөө жана мыйзамдан тыш аракеттерге бөгөт коюуу маселелери талкууланды. Облус башчысы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо өнөктүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров талап кылгандай таза, тынч, ачык-айкындык менен уюштуруу жана өткөрүү зарылдыгы белгиледи.


Ошондой эле, мамлекеттик кызматкерлер, бюджеттик мекемелердин кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып саясий партияларга жана жеке талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүү фактылары аныкталса, мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн катуу эскертти.


Жыйын учурунда калкты көмүр отуну менен камсыз кылуу маселеси да көтөрүлдү. Ыйгарым укуктуу өкүл Бакытбек Нарбеков, Талас облусунун көмүр отунуна болгон керектөөсү 56 000 тоннаны түзөрүн, учурда 31 000 тонна көмүр ташылып келгенине токтолду. Калган көмүр отуну жылытуу сезону аягына чыкканга чейин камсыздалары белгилүү болду. 


Бакытбек Нарбеков, калкты көмүр отуну менен камсыз кылуу максатында “Бакубат Талас” фонду аркылуу Кара-Кече көмүр кенинен 10 Хова оор жүк ташуучу машиналар менен көмүр алып келип Талас шаарында жана Кара-Буура районунда социалдык жактан муктаж болгондор үчүн арзан баада көмүр менен камсыз кылуу аракеттери жүрүп жатканын кошумчалады.


Мындан тышкары Жалал-Абад облусунун Таш -Көмүр шаарынан жана Казакстан Республикасынын Тараз шаарынан көмүр отунун алып келүү боюнча тийиштүү иш чаралар уюштурулуп жатканы маалым болду.


Белгилей кетсек, күндүн экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында аталган райондун айыл өкмөт башчылары жана райондук укук коргоо органдарынын башчылары менен жогоруда аталган маселелер боюнча жыйын өткөрдү.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн