Тогуздун айы 10, 2025
Убакыт: 16:15
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Таласта соода жана оюн-зоок борборунун курулушу башталды

02.10.2025 15:45
106
Таласта соода жана оюн-зоок борборунун курулушу башталды


Талас шаарында "Баластан" соода жана оюн-зоок борборунун курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.


Күн мурун министр Нурдан Орунтаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.


Аталган борбор Талас шаарынын Шамбетов көчөсү №70 дарегинде курулууда. Курулуштун жалпы аянты – 17 миң чарчы метрди түзөт.


Курулуш иштери министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүп, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.


Соода жана оюн-зоок борборунун эскиздик долбоору Талас шаардык Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан.


Учурда курулуш объектисинде жер казуу (котлован) иштери активдүү жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн