Тогуздун айы 11, 2025
Убакыт: 00:59
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.070
1.095

Таласта стратегиялык маанидеги жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

29.09.2025 12:00
158
Таласта стратегиялык маанидеги жер тилкеси мамлекетке кайтарылды


Талас облусунда стратегиялык маанидеги жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.


Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Манас районунун прокуратурасы тарабынан текшерүу жүргүзүлүп, «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрмө бекетине жакын аймактан стратегиялык мааниге ээ болгон Тараз – Талас – Суусамыр автожолунун боюндагы 1643 чарчы метр жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.


Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 5,6 млн сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн