Бугу 07, 2024
Убакыт: 08:32
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Таласта ун кымбаттап, бир кишиге бир кап сатылууда деген маалымат боюнча облустук администрация түшүндүрмө берди

11.01.2022 07:38
1644
Таласта ун кымбаттап, бир кишиге бир кап сатылууда деген маалымат боюнча облустук администрация түшүндүрмө берди

Талас облусунда ундун баасы кымбаттап, бир адамга бир кап сатылып жатат деген маалымат тууралуу облустун администрациясы түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.


10-январда 24.kg маалымат агенттиги өз окурмандарына шилтеме кылып “Таласта дүкөндөрдө унду бир адамга, бир каптан ашык сатпай жатат. Коңшулаш Казакстандагы окуялардан кийин Талас шаарында ун бир аз кымбаттап ага болгон талап өстү ” деген маалыматты облустук администрация четке каган. 


Маалымат чындыкка дал келбейт. Себеби, Талас шаарындагы баардык соода түйүндөрүндө, супермаркеттерде жана базарларда ун кадимки калыбында сатылып, эч кандай тартыштык байкалган жок. Ошондой эле унду сатууда эч кандай чектөө киргизилген жок.Ундун баасы сортторуна жараша 1700-2000 сомдун тегерегинде сатылууда.

Белгилей кетсек, Казакстан Республикасы менен чектеш Чоң-Капка өткөрүү пункту оор жүк ташуучу машиналар үчүн кадимки режимде иштеп жатат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн