Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 16:41
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Таласта муктаж 100 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү

13.08.2020 13:20
955
Таласта муктаж 100 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү


Талас облусуна караштуу Манас районунда жардамга муктаж 100 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кыматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы демилгелүү жаштар тобунун демөөрчүлүгү менен Манас районунда кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Анда 100 даана азык-түлүк баштыкчасы Сөкөт, Кара-Арча, Арал, Пакровка эки тарап, Көк–Дөбө, Май, Кеңеш, Кызыл—Жылдыз айылдарына таратылып берилген.


Кайрымдуулук ишине демөөрчүлүк кылгандарга хатибият тарабынан айыл тургундарынан алкыштар айтылып, алардын үй-бүлөлөрүнө ынтымак, ырашкерлик, иштерине ийгиликтерди каалашып, батасын беришкен.

Ар бир баштыкча 1500 сомдон даярдалып, 5 кг макарон, 5 литир май, 10 кг ун, 3  кг кум шекер, 3 кг күрүч салынган.

Билдирүүгө таянсак, Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаевдин мындай соопчулук иш-чарасы ушуну менен жетинчи жолу өткөрүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн