Теке 27, 2024
Убакыт: 12:49
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Таласта жаш келинди эки ымыркайы менен өлтүрүп кетишти

Таласта жаш келинди эки ымыркайы менен өлтүрүп кетишти


Айтматов районунунда үрөй учурган үч адам өлтүрүү катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-майда саат 00:37 чамасында 102 кызматына Айтматов районунун Ак-Башат айылында адам өлтүрүүү фактысы боюнча маалымат түшкөн.

Тезинен окуя болгон жерге аталган ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып, кароо учурда 1997-жылы туулган М.Ж. жана анын төрт жаштагы кызынын, эки жарым жаштагы баласынын күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денелери табылган.

Бул окуя Айтматов РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголуп. Үйүнөн сайсыз ок атуучу курал жана балта далил катары алынган.

Тергөө-ыкчам аракетинин жүргүзүү учурунда жогорудагы окуяга шектүү катары буга чейин соттолгон аталган айылдын тургуну 1976-жылы туулган К.Н. издеп табуу багытында ички иштер органдарына багыттамалар жиберилип, Кыргызстандын аймагынан чыгып кетпөө максатында чектөө коюлду.

Кылмыш иши боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык, соттук-баллистикалык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалды.

Учурда Талас облустук жана Айтматов райондук милиция кызматкерлери тарабынан жеринде шектүүнү издеп табуу багытында ыкчам-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн