Бугу 20, 2024
Убакыт: 22:22
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Таластагы телеканалдын өрттөлүшү боюнча атайын топ түзүлдү

08.06.2020 10:48
895
Таластагы телеканалдын өрттөлүшү боюнча атайын топ түзүлдү

Талас облусунда жеке телеканалдын имаратынын өрттөлүшү боюнча атайын топ түзүлүп, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Талас ОИИБдин башчысы Алмазбек Жумабеков "Медиа центр" мультимедиалык-маалымат агенттигине билдирди. 


Анын айтымында, имараттын өрттөлүшү боюнча маалымат облустук милицияга 7-июнда эртең менен келип түшкөн.


"Учурда облустук милициянын алдыңкы кызматкерлеринен турган атайын топ түзүлүп, бул иш боюнча тергөө жүргүзүлүп жатат. Алгачкы текшерүүдө студиянын айнеги сынганы белгилүү болуп, ичинен күйүүчү май куюлган бөтөлкө табылган. Бул жеке телеканал коммерциялык багытта иш алып баргандыктан саясатка тиешеси жок деп айтат элем. Азыр эмне үчүн имаратта видео көзөмөл камералары өчүп калганы дагы текшерилип жатат. Андан кийин техникалык экспертиза дайындалат", - деди облустук милициянын башчысы. 


Ошондой эле, Алмазбек Жумабеков тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иш жыйынтыгы тууралуу маалыматтар кийинчерээк берилерин белгиледи. 


Ал эми Талас ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. 


"7-июнь күнү саат 06:55де Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө чакыруу түшкөн. Анда Талас шаарынын Огонбаев көчөсүндө жайгашкан «3-канал» телеканалында  өрт чыккандыгын Адилет аттуу кызматкери билдирген. Окуя болгон жерге тергөө-оперативдик тобу чыгып, кароо жана текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда аталган телеканалдын айнегин сындырып, белгисиз жарандар тарабынан бөтөлкөгө күйүүчү зат куюлуп өрттөлгөндүгү аныкталган. Аталган факты Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык-кодексинин 210-беренесинин 2-бөлүмү (Бөтөн мүлктү өрттөө жолу менен жок кылуу же бузуу) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда кылмыштын бетин ачуу максатында текшерүү жана иликтөө иштери жүрүп жатат" - деп айтылат маалыматта. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн