Бугу 20, 2024
Убакыт: 20:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Таласта жол жээгиндеги дүкөндөргө жана май куючу жайларга оор жүк ташыган унааларга токтоого тыюу салынган, - Өкмөт өкүлү

11.06.2020 13:39
1002
Таласта жол жээгиндеги дүкөндөргө жана май куючу жайларга оор жүк ташыган унааларга токтоого тыюу салынган, - Өкмөт өкүлү

 

Талас облусунун ичиндеги жол жээгинде жайгашкан дүкөндөргө жана май куючу жайларга оор жүк ташыган унааларга токтоого тыюу салынган. Бул тууралуу Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев 11-июндагы брифингде билдирди.

 

“Талас облусунун ичинде жол жээгинде жайгашкан ири дүкөндөргө жана май куючу жайларга оор жүк ташыган унаалардын айдоочуларына токтоого тыюу салынган. Аларды облуска кирердин алдында күйүүчү май жана тамак-аш менен камсыз болуп, эч жерге токтобойбуз деген көрсөтмө менен кирип жатат. Ошондой эле дүкөн ээлери менен май куючу жайларга да оор жүк ташыган айдоочуларды киргизбөө тапшырмасы берилген”, - деди  Мураталиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн