Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:08
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Таласта жубайы менен ажырашкан 59 жаштагы киши 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө

26.10.2021 13:22
453
Таласта жубайы менен ажырашкан 59 жаштагы киши 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө

Талас районунун Каракол айылынын 59 жаштагы тургуну 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жатат. Бул тууралуу  "Турмуш" басылмасы билдирди.


Маалым болгондой, окуя жайкы каникул учурунда (июнь айынын этеги) Каракол айылында болгон.



«Кыз Талас районунун Кум-Арык айылында интернатта (акыл-эсинин өрчүшү артта калган балдардын интернаты) окуган. Ал эми 59 жаштагы адам кошунасы болгон. Ал киши кызды колунан жетелеп, үйүнө алып кирип бара жатканын кыздын жакындарына башка кошуналары маалымдаган. Көрсө ошол учурда зордукталган экен. Алар окуя болгон жерге барып аны кармашкан. Андан кийин аны милиционерлер алып кетишкен. Ал киши көп жыл мурун үй-бүлөсү менен ажырашкан», - деди алар.


Милиция аталган фактыны тастыктап, иш сотко өткөнүн билдиришти.


Талас облустук сотунун маалыматына караганда, азыр иш каралып жатат.


«Бул иш учурда Жазык кодексинин 161-беренеси (зордуктоо) менен каралып жатат. Кармалган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген», - деп айтылат маалыматта.


Булак: "Турмуш"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн