Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун мурдагы кызматкери жубайын өлтүргөнү үчүн 12 жылга эркиндигинен ажыратылды.
Маалыматка таянсак, Ж.А.К. КР Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ылайык күнөөлүү деп табылып, 12 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды, мүлкү конфискацияланган эмес.
Соттолуучу жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.
Мындан мурда 2021-жылы 29-декабрда 1992-жылы туулган жаран Э.Н. токмок жегенден кийин каза болгон. Анын жолдошу жогорудагы кызматкер адам өлтүрүүгө шектелип кармалган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн