Таласта айылдашы тарабынан зордукталган 17 жаштагы кыз Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринде көз жарды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары билдирди.
Маалыматка ылайык, өспүрүм кыз кесарево жолу менен эркек баланы жарык дүйнөгө алып келгени айтылды.
Белгилесек, буга чейин, 28-июнь күнү Талас РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Талас районунун Манас айылынын 2005-жылы туулган Ж.Ю. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал ушул эле айылдын тургуну, 2003-жылы туулган С.Ш. аттуу баладан кош бойлуу болуп калгандыгын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн