Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Таластагы стационарларда ооруган бейтаптардын саны азайып жатат, - облус жетекчиси

27.07.2020 14:42
1553
Таластагы стационарларда ооруган бейтаптардын саны азайып жатат, - облус жетекчиси


Бүгүнкү күндө Талас облусундагы күндүзгү стационарларда ооруган бейтаптардын саны азайып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев 27-июлдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, облус боюнча 21 ИВЛ аппараты, 323 кычкылтек концентраты бар. 


"Облуста COVID-19 илдети менен күрөшүүдө болгон күч-аракеттер жумшалууда. Дарыканаларда дары-дармектер улам келип түшүүдө, бул жаатта көйгөйлөр жок. Апрель айынан тартып медицина кызматкерлерине кошумча айлык акы төлөөлөр өз убагында жүргүзүлүүдө. Ал эми талаа иштеринде эгиндерди ооруп-жыйноо иштери кызуу жүрүп жатканын кошумчалады", - деди ал. 


Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясы 483 адамдан аныкталды. Анын ичинен Талас облусунда 27 жаңы учур катталган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн