Бугу 10, 2024
Убакыт: 00:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Таластагы мейманканада эшиктерди сындырып, чыр салган жаран кармалды

11.10.2021 13:13
459
Таластагы мейманканада эшиктерди сындырып, чыр салган жаран кармалды

Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн 102 кызматына 11-октябрь күнү түнкү саат 04:30 чамасында чакыруу келип түшкөн. Анда Талас шаарынын Бердике баатыр көчөсүндө жайгашкан "Кербен пэлэс" мейманканасынан белгисиз жаран эшиктерди сындырып чатак салып жатат деп билдирген. Бул тууралуу Талас ОИИБнин Басма сөз кызматы маалымдады.


Ал жерге ошол замат Талас ШИИБнин ыкчам тергөө тобу чыгып, текшерүү иштерин жүргүзгөн. Текшерүү учурунда Талас шаарынын 1983-жылы туулган тургуну О.С. аттуу жараны мас абалда мейманкананын эшиктерин сындырып, чатак салгандыгы аныкталган. Андан тышкары ошол мейманканада токтоп турган Фольксваген Поло үлгүсүндөгү унаасынын арткы чоң айнегин жана Ниссан үлгүсүндөгү унаанын капталдагы айнегин сындырып салганы аныкталган. Ал жарандын милицияда иштеген деген маалымат чындыкка дал келбейт. Анын милицияга эч кандай тиешеси жоктугу такталган.


Учурда шектүү эч жерде иштебейт. Аталган факты Талас ШИИБнин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына бейбаштык фактысы менен катталып, шектуу адам милиция кызматкерлери тарабынан ШИИБне алынып келинип, тергөөдө сурак берүүдө. Окуянын бардык жагдайлары иликтенип, текшеруу иштери жүргүзүлүп жатат. Аталган факты боюнча кошумча маалымат берилет 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн