Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 07:23
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Таластагы ооруканада COVID-19дун экинчи толкунуна кандай даярдык көрүлүүдө?

19.10.2020 14:49
495
Таластагы ооруканада COVID-19дун экинчи толкунуна кандай даярдык көрүлүүдө?


Чат-Базар айылында жайгашкан Талас районунун аймактык ооруканасы коронавирус инфекциясынын болжолдонгон экинчи толкунуна даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу аталган оорукананын директорунун милдетин аткаруучу Гүлбара Куттубаева билдирди.

Анын айтымында, оорукананын 2019-жылы курулган инфекциялык бөлүмүнө COVID-19 илдетин жуктуруп алган бейтаптарды кабыл алуу үчүн 15 орундук даярдалып, керектүү медициналык жабдыктар менен камсыздалган.

"Октябрь айынын башынан бери жугуштуу оорулар бөлүмүндө 8 бейтап коронавирус илдетинен дарыланууда, алардын үчөө оор, төртөө орточо оор абалда.  Бүгүнкү күндө коронавирус илдетине каршы күрөшүүгө медикаменттердин жана жеке коргонуу каражаттарынын 1,5-2 айлык запасы бар. Андан тышкары, жакында эле 500 миң сомго тендер жарыяланды. Ушул тапта «кызыл зонада» 5 медициналык кызтматкер өз милдеттерин аткарышууда", - деди ал.

Дарыгер өз сөзүндө бардык жарандарды илдеттин алдын алып, беткап тагынууга, колдун тазалыгын сактоого жана эл көп топтолгон жайлардан алыс болууга чакырды.

Ооруканада 47 кислороддук концентраторлор, 31 пульсоксиметр жана өпкөнү жасалма желдетүүчү 1 аппарат бар.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн