Бугу 03, 2024
Убакыт: 06:24
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Таластан мал уурдаган жаран Токтогулдан кармалды

03.04.2023 18:33
487
Таластан мал уурдаган жаран Токтогулдан кармалды

Токтогул милициясы Таластан мал уурдап келип сатып жаткан жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка караганда, Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн участкалык инспекторлору уурдалган малды саткан Талас шаарынын тургуну 2003-ж.т. У.Д. аттуу жаранды кармады. Ал 1-апрель күнү Талас облусунун аймагынан мал уурдап 2-апрелде Токтогул районунун Өзгөрүш айыл аймагындагы мал базарда малды сатып кетип жаткан жеринен кармалган.


Мал уурулукка байланыштуу кылмыш иши Талас ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталган.


Кармалган жаран Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан Талас ШИИБге өткөрүлүп берилди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн