Таласта милиция кызматкерлери ээнбаштыкка шектүү эки жаранды кармашты, алардын бири уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турат. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма-сөз кызматы билдирди.

Жакында эле Талас ШИИБне 33 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, анда май айынын орто ченинде унаа оңдоочу жайда жумуш ордунда иштеп жаткан учурда эки бейтааныш бала келип, эч себепсиз эле сабап, ден-соолугуна залал келтиргендигин билдирген. Алардын бири жакалап уруп, экинчиси бел тушка бычак менен эки жолу сайып, андан соң качып кетишкени айтылган.

Натыйжада жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жаткырылган.

Чогултулган материалдар ошол эле күнү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Кылмыш=жаза кодексинин 266-беренесинде (“Ээнбаштык”) каралган кылмыш белгиси менен катталып, Талас ШИИБде сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Териштирүү учурунда кылмышка шектүүлөр аныкталып, алар 1988-жылы туулган Т.А. Талас шаарынын тургуну жана анын шериги Баткен облусунда туулган 1983-жылы туулган М.М. атту жарандар экендиги такталган. Биринчиси уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда тургандыгы аныкталды.

Талас ШИИБдин кызматкерлери жана ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тобунун оперкызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында А.Т. менен М.М. кармалышты.

Алар экөө тең Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, учурда кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүүлүдө.