Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 05:57
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Таластын тургуну мас абалында бейтааныш кишинин мойнуна жаракат келтирген

Таластын тургуну мас абалында бейтааныш кишинин мойнуна жаракат келтирген


Таласта мас абалындагы адам жолдон өтүп бара жаткан адамдын мойнунан жаракат тийгизди. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, окуя Оторбаев көчөсүндөгү соода борборунун жанында болгон. Жабырлануучу 43 жашта. Ал ооруканага жаткырылган.


Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.


Кылмышка шектүү катары 47 жаштагы жергиликтүү тургун кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн