Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 17:59
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Талгарбеков Садыр Жапаровдун кемчиликтерин атады

19.11.2020 13:14
2515
Талгарбеков Садыр Жапаровдун кемчиликтерин атады


Белгилүү коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков “Азия Ньюс” гезитине маек берип, президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун кемчиликтерин атады. Ал Жапаровду мактай эле бербей, кемчиликтерин да айтып туруш керектигин билдирген.


Садыр Жапаров башкы талапкер экени жалпыга белгилүү. Анын мекенчилдиги, чынчылдыгы жаштардын купулуна толуп турат. Бирок аны мактай эле бербей, кемчиликтерин да айтып туруш биздин парызыбыз. Эксперттердин баамында, Жапаров мамлекетти башкаруу, аны жакшы жолго салуу боюнча көз карашы, позициясы али чийки, жеткиликтүү программасы даяр эмес. Өзгөчө Жапаровдун трайбалисттик сапаты бизди, анын жактоочуларын таң калтырды. Ал кыска убакытта өз жердештерин татыктуусун деле, татыксызын деле “талылуу” кызматтарга тыгып салды. Эми ушуга окшогон кемчиликтерин эске алып, программасын мыктылып элге чыкса, анда экинчи турда жеңүүгө мүмкүнчүлүк алат”, - дейт Талгарбеков. 

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Гулгакы
Ооба. Сиздин оюнузга кошулам. Чындыгында коз коруноо туура эмес иш кылса дагы, Эл жетелеме болуп жатат. Эмне учун бийликтен пайдаланып агитация баштап жиберди... Себеби Президент креслосу оттоо кызык болуп жатат. Колунда баардык бийлик турганда, Президенттике чуркабай, мамлектти башкарып, шайлоону таза откорушко салым кошуусу керек эле. Кийинки шайлоодо Эл ОЗУ эле Президент кылып алмакпыз!!!
Акмарал
Ооба туура айтып жатат
Жаркын
Биринчи турда эле жеңишке жетет Садыр НУРКОЖОЕВИЧ ЖАПАРОВ кудайым буйруса
Жийде
Садыр Нургожоевичтин жениши болот
Бека
Туура