Афганистанда "Талибан" кыймылы Тажикстандыктардын Бадахшан аймагы менен чектешкен Рустак районунун басып алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдирди.
Маалыматка караганда, талибандар аталган аймакта афган армиясынын аскерлерин сүрүп чыгарган.
Аталган кыймыл буга чейин да Тажикстан менен чектеш жердеги эки өткөрмө бекетти басып алган.
Эскерте кетсек, акыркы учурларда "Талибан" кыймылы Афганистандын 80 пайыз аймагын көзөмөлгө алганын жарыялаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн