Талибдердин Афганистандын бардык аймагына үстөмдүк кылуу ниети жок, алар сүйлөшүү жолу менен "эркин ислам мамлекеттик системасын" түзүүнү каалайт. Бул тууралуу РИА Новости "Талибан" кыймылынын саясий офисинин расмий өкүлү Мухаммад Наимге шилтеме берүү менен жазды.
Ал талибдердин максаты Афганистандын бийлигин алуу жана аймактарына үстөмдүк кылуу эместигин, андай болсо 2001-жылы эле басып алмактыгын айткан.
"Биринчи максат — биздин өлкөнү жана улуттарды бошотуу... Экинчиси — адамдар өлкө кызыкчылыгы жана улуттук баалуулуктардын негизиндеги системанын алкагында жашасын. Үчүнчүсү — элди, улутту тынчтандырып, өзүн жана өзүнө таандык аймактарды коргой ала тургандай көз карандысыз, эркин ислам мамлекеттик системасын түзүү", — деп айткан Наим.
Булак: "Спутник Кыргызстан"
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн