2021-жылдын 15-августунда талибдер Афганистандын бийлигин басып алды. Бул күнү Талибан кыймылы дээрлик 20 жылдан кийин Афганистандын бийлигине кайрадан келип отурду.
АКШ аскерлерин сентябрга чейин чыгарып кетерин айтар замат Талибан ыкчам аракетке өтүп, адегенде Афганистандын аймактарындагы борборлорду колго ала баштаган.
Ошол кезде АКШнын эсеби боюнча, Талибан Афганистандa бийликти бир айдан үч айга чейин толук алышы мүмкүн болуп турган. Бирок талибдердин бийликти мынчалык тез алышы көпчүлүк үчүн күтүүсүз болду.
Ошентип 15-августта Талибан акыры Кабулга кирип келди.
Талибдер шаарга киргени айтыла баштаганда, эл качууга ашыгып, Кабулда агылган машинелердин чоң тыгыны пайда болду.
Банктарда дагы эл котолоп, акчаларын кайтарып алууга аракет кылды.
Буга чейин согушкерлер Ооганстандын чек арасын басып алгандыктан Кабул эл аралык аэропорту өлкөдөн чыгып кетүүнүн жападан жалгыз жолу болуп калган эле.
Көп өтпөй талибдер президенттин сарайын алганын жар салды. Ал эми президент Ашраф Гани өлкөдөн эбак чыгып кеткени маалым болду.
Ошентип афган өкмөтү кулады. Миңдеген чет өлкөлүктөр менен бирге оогандыктар дагы Кабул аэропорту аркылуу чыгып кетүүгө аракет кылды. Эл дүрбөлөң түшүп, аэропортто башаламандыктар орун алды.
Чет мамлекеттер өз жарандарын эвакуациялай башташты. Эвакуация учурунда Кабул аэропортунан үрөй учурган видеолор пайда болду.
Видеодон ондогон афгандар аскердик транспорт учагы менен жарыша чуркап, ал тургай учактын капталына жабышып баратканын көрүүгө болот.
Талибан жана Борбор Азия
Талибан ооган бийлигине келгенге чейин эле Афганистандын аймактарында таасири күчөп жаткан кезде эл аралык байкоочулар Борбор Азиядагы коопсуздук маселесине көңүл бура башташкан.
Кээ бир эксперттер Талибан кыймылы Борбор Азияга түздөн-түз аскердик коркунуч туудурбай турганын айтышса, айрымдар чөлкөмдө чоң оюндун кезектеги баскычы кайрадан жандана баштаганын белгилешкен.
Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат талибдер аскердик эмес, башка тармактарда коркунуч туудурушу мүмкүн экенин айткан.
“Борбор Азияга эч кандай аскердик коркунуч жок деп ойлойм. Бирок наркотрафиктин күчөшү, анын айынан коопсуздук кызматы, аскер кызматкерлери арасында коррупциянын күчөшү жана, албетте, уюшкан кылмыштуулук күчөшү мүмкүн”.
Эрика Мараттын белгилешинче, Талибан өз бийлигин Афганистандын ичинде эле бекемдегиси келген топ.
“Талибан кыймылы Борбор Азияга түздөн-түз аскердик коркунуч туудурбайт. Талибан бүтүндөй Ооганстанды жана көп улуттуу өлкөдөгү коомчулукту башкаргысы келген козголоңчулар. Алар өздөрүнүн топторун башка өлкөлөрдө, анын ичинде Борбор Азияда кеңейтүүгө кызыкдар эмес. Бул Ооганстанга гана тиешелүү”.
Аналитик Элмира Ногойбаева Афганистандагы кырдаалды бул чөлкөмдөгү геосаясий өзгөрүш деп атагандардын бири.
“Мен муну геосаясый өзгөрүш, региондогу чоң оюнчулардын — Орусиянын, Американын жана Кытайдын, анын ичинде, диний темага дагы байланышкан оюнчулардын — оюндарынын жаңы раунду катары карайт элем. Биз азыр кайрадан Маккиндер, Бзежинский айткан “чандырдын” так ортосунда турабыз. Азыр Борбор Азияда ошол аракеттер кайрадан башталып жатат”.
Элмира Ногойбаева чоң Борбор Азия концепциясына Монголия, Афганистан дагы кирерин, бул түшүнүктү узак убакыт кабыл албагандар көп болуп келгенин баса белгилейт. Ал Афганистанда жаралган кырдаал Кыргызстан да ошол чоң концепциянын ичинде экенин түшүнүп жетүүсүнө өбөлгө түзгөнүн айтат.
“Кыргызстан азыр кай учурда, кандай оюнду ишке ашырары жөнүндө ойлоно башташы керек. Бүгүнкү күндө биздин позициябыз, эгемендүүлүгүбүз, үнүбүз алсыз. Биз муну моюнга алышыбыз керек. Бул өңүттөн алып караганда, Афганистандагы кырдаал — биздин бийлик үчүн чакырык. Ал өзүн кандай көрсөтө турганына болгон чакырык”.
Талибдер бийликке келет деп эч ким ишенген эмес, бирок алар бийликти алып көпчүлүктү таң калтырды. Ошентип алар менен баары эсептешүүгө аргасыз болгон абал жаралды. Ал эми Афганистандын коңшулары ар түрдүү стратегияга өтүштү.
Айрыкча Афганистандагы тажиктердин абалы Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тынчын алды. Афганистандагы тажиктер ооган калкынын 27-40% түзөрү айтылган менен так сандар жок. Афганистандын Панжшер өрөөнүндө жашаган калктын басымдуу бөлүгүн этникалык тажиктер түзөт. Аталган аймакта Талибандын бийлигин тааныбаганын айткан каршылык көрсөтүү фронту да жайгашкан.
Элди бириктирип, саясий упай топтоону көздөгөн Эмомали Рахмон Талибандын бийлигине каршылык көрсөткөн дал ошол Панчжердеги тажиктердин кыймылына ыктаган.
Ташкент чындыгында Талибан менен кызматташуу боюнча башкача саясатты тандап алды. Улуттук картаны Өзбекстандын ойноосу эч маанисиз эле. Анткени Афганистанда өзбектер жашаса да, алардын саны 10% ашпайт.
Талибдер бийликке келгенге чейин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Афганистандын ошол учурдагы президенти Ашраф Гани менен жолуккан эле. Деңизге чыгууну көздөгөн Өзбекстан Кабул шаары аркылуу Пакистандын Пешавар шаарына чейин темир жол салары боюнча макулдашкан болчу. Бийликке келгенден кийин Талибан аталган долбоорду колдоп, Өзбекстан муну жакшы белги катары кабыл алды.
Ошондуктан Өзбекстан коопсуздук маселеси боюнча көп деле баш ооруткан жок. Өзбек-афган чек арасы узун деле эмес, болгону 144 км. Чек ара аймагы тегиз болгондуктан көзөмөлдөөгө оңой. Коңшу Тажикстанга бир аз оор, анткени ооган-тажик чек арасынын жалпы узундугу 1344 км түзөт.
Талибан жана Кыргызстан
Афган бийлигин басып алган талибдерге карата Кыргызстандын мамилеси боюнча байкоочулардын пикири бир беткей болгон жок. Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков баштаган кыргыз делегациясы Кабулга эки жолу барып келди. Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен кыргыз бийлиги биринчилерден болуп Талибанга кол сунуп, Афганистанга гуманитардык жардам жеткирип келген эле.
Масадыков эл аралык коомчулукту Талибанга сыртын салбоого чакырып, өлкөдөгү кырдаал эл аралык медиа сүрөттөгөндөн башкача экенин айткан.
“Афганистандагы де-факто бийлик болуп жаткан Талибанды обочодо калтыруу туура эмес деп ойлойм. Биздин өлкөнүн позициясы дагы ушундай. Биз бай өлкө эмеспиз, бирок Афганистанга гумжардам бергенген аракет кылып жатабыз. 23-сентябрда Афганистанда жаңы бийлик менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Өткөн аптада мен Кабулда дагы эки-үч күн жүрүп келдим. Ар кайсы министрлик, күч органдары менен да суйлөшүүлөр өткөрүп келдим. Ал жакты көрүп келген киши катары эл аралык маалымат каражаттары жазып жаткан менен ал жактагы чыныгы турмуш ортосунда чоң айырмачылык бар экенин айта алам”, – деп билдирген Масадыков.
Эл аралык мамилелер боюнча саясат талдоочу Эмилбек Жороев кыргыз делегациясынын Талибан менен биринчи ирет жолугушуусун “ойлондурган маселе” деп Би-Би-Сиге билдирген эле. Анын айтымында, эл аралык коомчулук тааныбаган Талибан Афганистанга бийликке келгени көп мамлекеттерде дилемма пайда болгон.
“Ушундай кырдаалда Кыргызстандан Таалатбек Масадыков чоң деңгээлде делегация менен Кабулга барганы ойлондурган маселе болуп жатат. Бул бир жагынан көп мамлекеттердин түшүнбөстүгүн, терс мамилесин туудура турган маселе”, - деген эле Жороев.
“Бул жерде кандай мотивация болгон деген да суроо бар. Кыргыз өкмөтүнүн гумжардам ала барып, позитивдүү нукта сүйлөшүүгө барганы ойлондурбай койбойт. Мунун аркасында кандай жүйөөлөр жана стратегия бар? Биз муну билүүгө аябай кызыкдар болуп жатабыз. Бирок ошол жакка барып Талибандын жогорку деңгээлдеги бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүсү бул кандай сөз айтылбасын, баары бир де-факто ошолорду “тааныды” дегенге барабар”.
АКШ аскерлери Афганистандан чыгып кетти
АКШ өзү убада бергендей эле аскерлерин 31-августка чейин чыгарып кетти. Ошол кезде АКШ Талибандын келишин расмий түрдө таанып-тааныбай турганы боюнча да билдирүү жасоого ашыккан эмес.
Жо Байден жетекчилик кылган АКШнын бийлиги Афганистанда аялдардын укугун сыйлоого, инклюзивдик өкмөт түзүүгө жана жардам көрсөткөн уюмдардын эркин иш алып баруусуна талибдерди чакырган.
“Эми Афганистандагы согуш аяктады... Мен президенттикке аттанып жатканда бул согушту аягына чыгарам деп Америка элине убада бергем... Афганистандагы мөөнөтсүз миссиябызда биздин башка максатыбыз жок болчу. Ал жакта 20 жылга созулган согуштан кийин Американын кийинки муундагы уул-кыздарын кармашка жөнөтүүдөн баш тарттым”, – деген Жо Байден Афганистандан акыркы аскерин чыгарып кеткен күндүн эртеси.
Орусиянын президенти Владимир Путин жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында суроолорго жооп берип жатып, Афганистандагы кырдаалга токтолду.
Ал Борбор Азиядагы өлкөлөр менен Орусиянын чек арасы ачык экенин, мындан улам экстремисттик элементтердин ыктымал аралашып кетиши кооптонууну жаратпай койбосун билдирди.
Ошондой эле, ал азыр афган элине жардам бериш керек экенин белгиледи. Афган коомуна жана экономикасына 20 жылдан бери зыян келтирген мамлекеттер биринчилерден болуп көмөк көрсөтүшү керек деген оюн айтты.
Талибан Афганистанда азыр кандай саясат жүргүзүп жатат?
Талибан жаңы өкмөттү курап, ага бир да аял киши кирген эмес. Ошентип жаңы өкмөт талибдердин аттуу-баштуу мүчөлөрүнөн түзүлгөн.
Талибдер бийликти алганы бир ай өтүп-өтпөй мектептерден кыздарды чыгарып, эркек балдар менен эркек мугалимдерди гана калтырган.
Талибан Афганистандын бийлигин август айында басып алгандан бери 1990-жылдардагы режим кайтып келет деген чочулоолор көбөйгөн эле. Жыйырма жылдай мурун бийликте турганда талибдер аялдардын укуктарын ашыкча чектеп салышкан болчу.
Кыймылдын жетекчилиги аялдардын укуктары “ислам мыйзамдарынын чектеринде” сыйланат деген көз карашты карманат.
Талибдер Афганистандын бийлигине келер менен эл аралык донорлор жардамды тоңдуруп койгон. Бул ансыз да сырткы каржылоого таянган афган экономикасына болуп көрбөгөндөй сокку урду.
Учурда Афганистанда 23 миллиондон ашуун киши (өлкө калкынын жарымынан көбү) оор ачарчылык алдында турушат. Буга чейин гуманитардык катастрофанын туу чокусу кыштын экинчи жарымында болот деп күтүлгөн.
Бирок акыркы маалыматтарга караганда, азык-түлүктүн жетишсиздиги эмитен эле сезилип жатат. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын маалыматы боюнча, учурда афгандардын 98% жакыны өтө начар тамактанууда.
БУУ афган эли миграцияны же өлүмдү тандоого мажбур болорун эскертип жатат. Ал эми кыш айларында тамак-ашсыз миграция – өлүмгө тете.
АКШнын Ооганстандагы аскердик кийлигишүүсүнүн хронологиясы
- - 2001-жылдын октябры: 11-сентябрдагы чабуулдан кийин америкалык күчтөр Ооганстанды бомбалап баштады
- - 2009-жылы февралда НАТОго мүчө өлкөлөр Ооганстандандагы аскер күчтөрүн көбөйтүү тууралуу жарыялаган. АКШ дагы кошумча 17 миң аскерин жөнөткөн
- - 2009-жыл, декабрь: АКШ президенти Барак Обама америкалык контингенттин санын дагы 30 миң кишиге көбөйттү. Ошентип алардын саны 100 миңге чамалады. Ошол эле маалда 2011-жылга барып аскер күчтөрүн чыгарып кетүүгө убада кылды
- - 2014-жыл октябрь: АКШ менен Улуу Британия Ооганстандагы активдүү аскер операциялары жыйынтыкталды деп жарыялады
- - 2015-жыл март: Обама ооган президенти Ашраф Ганинин өтүнүчү менен америкалык аскер күчтөрү бул өлкөдө дагы кармаларын билдирди
- - 2015-жыл, октябрь: Обама 2016-жылдын соңуна барып Ооганстанда 9,8 миң америкалык аскер каларын айткан. Бул билдирүүсү менен миң гана аскерди калтырабыз деген мурдакы убадасынан баш тартты
- - 2016-жыл, июль: Обама "коопсуздукка байланыштуу кооптуу кырдаалдан" улам 2017-жылга чейин Ооганстанга 8,4 миң аскерди калтырууну туура көрдү. НАТО дагы аскер санын азайтпоого макул болуп, жеригилктүү коопсуздук күчтөрүн 2020-жылга чейин каржылоо убадасын берет
- - 2017-жыл, август: АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп күчтөнүп жаткан "Талибанга" каршы Ооганстанга көбүрөөк аскер жөнөтүү тууралуу билдирүү жасайт
- - 2019-жыл, сентябрь: талиптер менен АКШ ортосундагы узакка созулган тынчтык сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурайт
- - 2020-жыл, февраль: Дохада бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетүү тууралуу келишимге кол койгон
- - 2021-жыл, 31-август: Американын Афганистандагы ишинин аягына чыкканынын белгиси кылып АКШнын акыркы аскердик учагы Кабулдан учуп кетти
20 жылдан кийин АКШ Афганистандан чыгып кетти.
Булак: Би-Би-Си
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн