Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:49
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Талиева "Кыргызстан орусча аталыштарды алмаштырса, Украинанын жолуна түшөт" деген Думанын депутатына жооп берди

26.11.2022 15:05
415
Талиева "Кыргызстан орусча аталыштарды алмаштырса, Украинанын жолуна түшөт" деген Думанын депутатына жооп берди

Административдик-аймактык аталыштарды өзгөртүү демилгеси Россия Федерациясынын өзүндө да ийгиликтүү ишке ашырылып келет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева билдирди.


"Кыргызстан эгемендүү, көз карандысыз мамлекет катары биримдик менен ынтымакка негизделген баалуулуктарды карманат. Баш мыйзамыбызда Кыргызстандын элин бардык этностордон турган Кыргыз Республикасынын жарандары түзөрү баса белгиленип, бизде гана орус тили расмий тил макамына ээ. Андыктан, Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журованын эл аралык эрежеге туура келбеген, мамлекеттик алакаларга көлөккө түшүргөн жана өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишкен билдирүүсү негизсиз экенин белгилейм. Анткени, орус тилинин Кыргызстанда орду өзгөчө, мыйзамдарыбыздан баштап, көчөдөгү көрнөк-жарнактарыбызга чейин мамлекеттик тилибиз менен катарлаш колдонулуп келет.


Ал эми административдик-аймактык аталыштарды, анын ичинен Бишкек шаарындагы райондордун аттарын өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгеси тууралуу айтсак, бул эгемен мамлекетибиздин ички иши жана Кыргызстан менен Россиянын алакасына эч кандай тиешеси жок. Себеби, айыл-шаарлардын атын өзгөртүү демилгеси Россия Федерациясынын өзүндө да ийгиликтүү ишке ашырылып, Свердловк шаары Екатеринбург, Ленинград шаары Санкт-Петербург деп жаңыртылганы баарыбызга белгилүү.


Мындай өзгөртүүлөр көп улуттуу Совет мезгилинин учурунда да жүргүзүлүп келген. Андыктан антиорусиялык маанайды калыптандырып, байыркы кыргыз эли менен улуу орус элинин достук, стратегиялык өнөктөштүк жана тыгыз кызматташтык мамилесине терс таасир берүүчү пикирлерди айтуудан алыс болууга чакырам",- деди Талиева.


Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Элдик Курултайда Бишкектеги төрт райондун жана жер-суу аталыштарын кыргызчалаштырууну сунуштаган.


Ал эми Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты Светлана Журова мындай кадам Украинанын жолу экенин айтып, орус тилдүүлөргө басым болорун эскерткен.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн