Бугу 20, 2024
Убакыт: 15:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Тамактануу жайларынын ишин токтотууга көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды

20.03.2020 15:43
620
Тамактануу жайларынын ишин токтотууга көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коомдук тамактануу жайларынын ишин токтотууга көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралууу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, өкмөт башчы бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана ички иштер органдарына маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк, эскерүү жана башка иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салууну күчөтүлгөн көзөмөлгө алууну катуу буйруган.  

 

“Тилекке каршы, өлкөнүн ар башка булуң-бурчунда коомдук тамактануу жайлары ишин улантып жатканы тууралуу маалыматтар түшүп жатат. Адамдар бийликтин сунуштарын капарга албай жатышат. Коркунучтун канчалык деңгээлде экендигин сезбей жаткандар бар. Кайрадан жарандарыбызды эл көп жыйналган жерлерге барбай, жакындарга жана туугандарга, айрыкча карыларга кам көрүүгө чакырам. Биз баарыбыз бириккенде гана коронавируска байланыштуу кырдаалды жеңип чыга турган жагдайда экенибизди түшүнүүгө тийишпиз, - деген Мухаммедкалый Абылгазиев.


Ошондой эле, Өкмөттүн жана Республикалык штабдын чечимдерин аткарбагандарга карата катуу чаралар көрүлөрү айтылган.

 

Башка өлкөлөр бул жагдай менен кантип күрөшкөнүн жана ийгиликтерге кандай жетишкенин көрдүк. Элдин жоопкерчиликсиздиги  кандай кесепеттерге алып келерине да күбө болдук. Бардыгы анын кесепети татаал болоорун түшүнүшү керек. Дагы бир жолу кайталайм, зарылдык болбосо үйдөн чыкпаш керек, коомдук байланыштарды түзбөй туруу зарыл. Жугуштуу ооруга кабылган ар бир адам жакындарына өзгөчө кам көрүп, алардан оолак болууга аракет кылышы керек», - деп айткан премьер-министр.


Мындай учурда жоопкерчилик жана тартип өзгөчө маанилүү экенин кошумчалаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн