Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Тамактануучу жайларбы же инфекциянын булагыбы? Бишкекте санитардык эрежелерди сактабаган кафелерге айып салынды

02.06.2020 17:12
989
Тамактануучу жайларбы же инфекциянын булагыбы?  Бишкекте санитардык эрежелерди сактабаган кафелерге айып салынды


Борбор калаада санитардык эрежелерди сактабай иштеп жаткан тамактануучу жайларга айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 2-июнь күнү жүргүзүлгөн текшерүү учурунда Live Bar, “Фрунзе, “Мира”, “Ди-2”, “Барскон2, “Империя Пиццы” кафелерине, “Шашлык №1” ишканасынын эки мекемесине, “Белес” чайканасына, “Тюбетейка” ресто-клубуна жана антикино The Story мекемесине айып салынган.


Алар 50 кишиден ашык болбош керек деген шартты бузган. Алардын ээлерине карата протоколдор түзүлүп, 3 миң сомдон 13 миң сомго чейинки айып пул каралган.


2-июнда 293-берене  менен 81 протокол түзүлүп, жалпы 363 миң сомду тузгөнү айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн