Тамара Слащева кайрадан "Слово Кыргызстана" гезитинин башкы редактору болду. Бул маалыматты президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек тастыктады.
Ал белгилегендей, гезиттин 24 адамдан турган жамааты Тамара Слащеваны басылманын башкы редакторунун кызмат ордуна кайтаруу өтүнүчү менен кайрылышкан. Ал эми ага каршы болгону беш киши болгон.
"Жамааттын пикирин угуу чечими кабыл алынды", - деп баса белгиледи Байтерек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн