Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 23:05
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Тамчы айылындагы 34,2 гектар жер үч курулуш компаниясына ижарага берилди

09.01.2025 13:21
1054
Тамчы айылындагы 34,2 гектар жер үч курулуш компаниясына ижарага берилди


Ысык-Көлдүн Тамчы айылындагы 34,2 гектар жер үч курулуш компаниясына ижарага берилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.


"Президенттин иш башкармалыгына Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр, Тамчы айыл аймактарында жайгашкан өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактар категориясындагы 34,2 гектар жерди туристтик жана маданий маанидеги объектилерди куруу үчүн 1 миллиард сомдон ашык инвестиция тартуу шарты менен 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилсин", — деп жазылган документте.


Жер тилкелери төмөнкү компанияларга берилет:

- "Авангард Стиль" курулуш компаниясы – 14,21 гектар;

- "Елизавета" курулуш компаниясы – 10 гектар;

- "КыргызИнвестСтрой" курулуш компаниясы – 10 гектар.


Токтомго ылайык, президенттин иш башкармалыгы ижара келишимин түзүп, ал эми компаниялар курулуш иштерин 2028-жылдын 1-январына чейин бүтүрүүгө милдеттендирилди.


Айрым ЖМКлар кеп беш жылдыздуу "Хан-Теңири" мейманканасынын курулушу тууралуу болуп жатканын жазышууда. Буга чейин президент Садыр Жапаров "Тамчы" аэропортунун тушуна 5 жылдыздуу отель салынып жатканын айтып, Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов ("Елизавета" курулуш компаниясы Суракматовдун жакындарыныкы) жер сураганын, берүүгө даяр жер бар экенин айткан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн