Бугу 01, 2024
Убакыт: 21:14
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Тамтыгы чыккан коом: Ыйык Куранды оюнчук тута баштадыкпы?

06.05.2020 10:36
1212
Тамтыгы чыккан коом: Ыйык Куранды оюнчук тута баштадыкпы?


Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев менен жаш саясатчы, жарандык активист болуп жүргөн Мелис Аспековдун кечээки жоругу “Көзүм көрбөсө көчүгүмдү бөрү жесин” деген эле жорук болду. Бул өзгөчө пайгамбар жашынан ооп калган Кубанычбек мырзага көбүрөөк тиешелүү. 


Сыймык Жапыкеев аттуу экс-прокурор акыркы убактарда коомчулукка ар кандай пикирлери менен кеңири таанылды. Адегенде “Центеррада” ким канча айлык ала турганын айтып чыгып таанылган. Акыркы билдирүүлөрү учурда Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган, убагында Акаевдин сүймөнчүк кадры болуп, премьер-министрлик кызматка чейин көтөрүлгөн Кубанычбек Жумалиевдин байлыктары тууралуу болду. Анын айтымында К. Жумалиевдин байлыктары 2,5 миллиард доллар менен бааланат экен. 


Ушул билдирүүдөн улам 5-майда жергиликтүү телеканалдардын бирине К. Жумалиев менен М. Аспеков дебатка чыгышты. Анда элдин эсин эки кылып, кандай коомдо жашап жатабыз деген аргасыз суроого малынта турган көрүнүш болду. Жарандык активист Аспеков: “Сиз ыйык Куранды кармап туруп, эч кандай коррупцияга аралашкан эмесмин, байлыгым 1 миллион доллардан ашпайт, туугандарымдын бизнесине жардам көрсөткөн эмесмин деп айта аласызбы” деп көчүгүнө баса отуруп алган жеринен ыйык Куранды сууруп чыгып К. Жумалиевге сунду. Кубанычбек мырза болсо ойлонуп да койбостон, Аспековдун колунан ыйык Куранды алып, “1992-2005-жылдар ичинде кызматтарда туруп эч кандай коррупцияга аралашкан эмесмин, туугандарым өздөрүнүн күчү менен бизнесин түптөшкөн, мен жөн эле интелектуалдык жактан кеңеш айткам” деп салды. 


Бул жерде экөөнүн тең жасаганы өтө калпыс иш болду. “Беш маал намаз окуйм” деген Аспеков Куран китебин сыйлабастыгын аны көчүгүнө басып отуруп алганы менен көрсөттү. Ал эми Жумалиев “Аркы дүйнөгө барганда да бир ыгын табаттырмын” деген сыяктуу аракетти жасады. Же балким ал дагы деле Кудайдын бар экенине ишенбеген атеист боюнча калган. 


Эми ушул көрүнүш мындан ары уланып кетпесе болду деген коркунуч бар. Буга чейин парламенттик шайлоонун алдында кайсы бир партиянын талапкерлери бири-биринин алдында бала-чакалары менен карганып беришкени белгилүү болгон. Эми Куран менен карганууну Жумалиев баштады. Эртен Жапыкеев дагы башка мамлекеттин эсебинен жогорку кызматтарда туруп байыгандардын тизмесин айтып чыга баштаса, алар “аркы дүйнөдө жалгыз болбойм, Жумалиев менен чогуу болом да” деп Куранды ойлонбой кармап каргана башташса аргабыз куруйт го. 


Коом бузулуу чегине жакындап калдыбы деген түпөйүл кооптонуу бар. Сабатсыздык, билимсиздик, ач көздүк кыргыз саясатын ээлеп алды. Эми минтип улуулардан нарк кеткени, кичүүлөрдөн барк кеткени билинип отурат. Жумалиев кантсе да илимий чөйрөнүн да кишиси болгонун далилдеп, интелектуалдык деңгээлин көрсөтүп, Аспеков сыяктуу жаш жигиттин провокациясына алдырбай “Иним Куранды оюнчук кылбайлы, далилдериң болсо укук коргоо органдарына кайрыл, сотто такташалы” деп койсо болбойт беле? Болот болчу. Андай кылуунун ордуна ал ыйык Курандан да, абийиринен да материалдык байлыкты жогору кое турганын ачык көрсөтүп алды. Эми бул көрүнүштү башка саясатчылар эстафета кылып улантып кетишпесе эле болду.


Канатбек Аскаров

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн