Теке 27, 2024
Убакыт: 09:00
USD
EUR
RUB

Таң эрте чарчап ойгонуунун себептери эмнеде?

16.05.2024 14:30
232
Таң эрте чарчап ойгонуунун себептери эмнеде?


Таң эрте эс алып эмес, чарчап ойгонуу, уйкусуроо, алсыз абал, күн бою талыкшып отуруу, андан улам кыжырданып жүрүү – мунун баары организмдин ар дайым чыңалуу абалда болуусунан улам келип чыгат. Эс алуу күндөрү да ойдогудай жеңилдикке ээ боло албай, кайрадан иш жумалыгын баштоо, азыркы кезде бул көрүнүштөр ар бирибизге тааныш. Организм тыныгып, эс ала албай өтүшүп кеткен учурда невропатолог, психиатр жана иммунолог сыяктуу атайын адистерге кайрылууга туура келет. Бирок кандай болгон күндө да, бул абалдан чыгуу зарыл. Ал үчүн өзүңүздү өзүңүз чарчаткан жагымсыздыктар кайсылар экенин билип, андан кутулууга дароо кадам таштаңыз.


Чарчаңкы абал, алсыздык жана уйкусуроонун түрдүү себептери бар. Белгилүү болгондой, бул мезгил алмашууларда көп кездешет. Биринчи учурда “сезондук депрессия” деп аталган көрүнүштө мелатонин бөлүп чыгаруудагы тең салмактуулук начарлайт. Бул зат түнкүсүн уктап жаткан учурда бөлүнүп чыгат. Күндүн чыгышы менен тарап кетет да, анын ордуна бактылуулуктун жана жакшы маанайдын гормону сератонинге кезек келет.


Эгер күн нурлары жетишсиз болсо, организмдин тиричилик аракеттери азайып, жигердүүлүк, жашоого карата сүйүү жоголот. Жазгы маалда, күз жана кыш айларында түрдүү вирус жана бактериялардан коруган адамдын иммундук системасы алсырай түшөт. Ошондон улам кээ бирөөлөрдү алсыздык жана уйку басып, ошону менен бирге эле ооздо учуктар да пайда болот.


Организмди коргоочу күчтөрдүн алсызданышынан улам, физикалык активдүүлүк жоголот. Таза аба жетишпейт. Себеби, көбүнчө жабык мекемелерде, унааларда жүрүү менен таза абада дем алууну, тоо, токойлорго барууну унутуп калабыз. 


Витаминдердин жана микроэлементтердин жетишсиздиги. Жер-жемиштерди көп убакыт сактаган маалда алар баалуулуктарын жоготот. Эмоционалдык чарчаңкы абал түрдүү түстөрдүн жетишсиздигинен көпчүлүк учурда жашыл өңдүн аздыгынан пайда болот. 


Булар уйку бездеринин, жүрөк, боор жана бөйрөк ооруларынын жетишсиздигинен улам, онкология оорулары жана инфекция күчөгөн маалга туш келсе жана башка ушу сыяктуу оорулардан улам пайда болушу ыктымал.  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн