Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 23:50
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Тапан. Акылбек Жапаров тууралуу

07.07.2023 12:23
5461
Тапан. Акылбек Жапаров тууралуу


Мен 1990-жылдан бери чоң саясатка аралашып, көптөгөн окуялардын күбөсү жана катышуучусу болдум, далай адамдар менен таанышып, жакын мамиле күттүм. Андай адамдардын бири Акылбек Жапаров.


Адегенде аны 1990-жылы июнда болгон Ош коогалаңы учурунда телевизордон  көрдүм. Анда өзүм да жаш, Жогорку Кеңештин депутаты элем. Акылбек болсо жаңы эле политехникалык институтту бүткөн, каны ойноп турган жигит. Аэропорттобу же учактабы, так эсимде жок, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары, башкача айтканда, өлкөнүн ошол кездеги биринчи жетекчиси Абсамат Масалиев менен “Ошко барабыз, эмне үчүн жаштарды ал жакка жибербей жатасыздар?” деп айтышканы телевизордон берилген. Ал убакта өзүм деле курч, Абсамат Масалиев менен Жогорку Кеңештин сессия отурумдарына айтышып-талашкан учурларым болгон. Бирок Акылбектин жогорудагы жоругу, тартынбастыгы бир чети таңкалтырса, экинчи чети, жашырганда эмне, жаккан.

1992-жылы 8-февралда республиканын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри болуп дайындалдым. Ошондо менин көңүлүмдү өзгөчө бурдурган эки маселе бар эле: СССР ыдырап, коммунисттик идеология жоготкон жаңы кырдаалда жаштар жана дин маселелери кароосуз калган. Ушул жагдайды эске алып, мен тунгуч президентибиз Аскар Акаевге, премьер-министр Турсунбек Чыңгышевге жаштар жана коомдук уюмдар, дин иштери менен алектенчү атайын бөлүмдөрдү ачууну сунуштагам, экөө тең муну колдогон. Ошондо мен А.Жапаровду эстеп, өкмөттүн аппаратынын (анда да президент менен өкмөттүн аппараты азыркыдай бир болчу) жаштар саясаты бөлүмүнө жаш философ Азиз Жусупбековду коомдук жана дин уюмдары бөлүмүнө   башчылыкка бекиткенбиз. Анда Акылбек 25тин тегерегинде эле. Чогуу жакшы иштештик. Ал демилгечил болчу.


Бир жылдан соң мен Ош облусуна аким болуп кеттим. Акылбек “аппарат башчысы кылып алып кетпедиңиз” деп таарынып жүрдү. Мен чындап эле андай кадамга барбадым, анткени Ошко ансыз да Бишкектен эки-үч адамды, анын ичинде өзүнүн жердеш досун мен вице кездеги жардамчым Канат Ирсалиевди (Рахат Ирсалиевдин агасы) алып барган элем. Ансыз да түштүктүк айрым туугандарым “жакындарын Бишкектен алып келди” деп сөз таратып жатышкан.


Айтмакчы, Акылбек Жапаров Кыргызстан социал-демократиялык партиясын түптөгөн саясатчылардын бири. Мен Ошко кеткенде партиянын координаторлору катары Жумабек Ибраимов менен Алмазбек Атамбаевди, жооптуу катчылыгына Акылбек Жапаровду бекиткенбиз. Менде партиянын А.Жапаров кол койгон №3 мүчөлүк билети сакталып жүрөт.


1995-жылы Жогорку Кеңештин Эл  өкүлдөр жыйынына депутат, 1997-жылы төрага болуп шайланганымда Акылбек менен жылуу учурашып, жакын мамиледе болдум. 2000-жылы Мыйзам чыгаруу жыйынына экөөбүз тең депутаттыкка өттүк, төрагалыкка да шайландым. Ушуга байланыштуу тарыхый чындыкты тастыктап кетким келет.


Мен анда Кадамжай шайлоо округуна аз гана, 200 добуш жетпей, өтпөй, Демократиялык күчтөр кошуну (СДС) аркылуу соцал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча депутат болгонум белгилүү. Ошондо Акаев мени менен кошо өз администрациясынын жетекчисинин орун басары Рысбек Абдылдаевди (ал азыр АКШда) депутаттыкка өткөрүүнү сунуштаган. Мен анын социал-демократиялык партияга тийешеси жоктугун айтып, Акылбек Жапаровду колдогом. Буга акыры Акаев да көнгөн. Акылбек биздин жыйындын салык комитетин жетектеп, өзүнүн кесипкөйлүгүн, экономика, салык, бажы, жалпы эле каржы маселелерин жакшы билерин көрсөткөн. Ушундан улам А.Акаевге жагып, экөө Салык кодексинин жаңы редакциясын даярдашкан, атүгүл президентке тез-тез кирип, жыйындын бир отурумунда “Аскар Акаевди түбөлүк президент кылыш керек” дегенге чейин барган.


Экөөнүн ортосундагы мамилени 2005-жылкы шайлоо бузду. Кочкор округундагы шайлоодо Аскар Акаев Турдакун Усубалиевди колдоп, Акылбек Жапаров Курманбек Бакиев баштаган оппозицияга кошулуп, анын “моторлорунун” бирине айланды. Шайлоо деген ушундай шайтан да, ар ким өзү үчүн күрөшөт. Мен дагы анын запкысын, тарткылыгын баштан өткөрбөдүмбү. Алайда 1600 добуш ашыкча алып утсам да, тополоңдун, кара күчкө салуунун кесепетинен мандат албай калгам. Бул эми тарых. Аны улам эстеп, чукулабай, тынчтык, туруктуулук үчүн өз ара кечиришүү жолу менен кетишибиз керек. Акылбек да ушундай кылды. Кийинчерээк агасы, эл атасы болгон Турдакун Усубалиевге тон жаап, Бакай калпак кийгизип жарашты. Азамат!


Курманбек Бакиевдин президенттик доорунда ал вице-премьерлик кызматка чейин жетти. Баарыбыздын эсибизде калганы ошол кездеги эки окуя. Биринчиси – Камбар-Ата–2 ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизерде Акылбектин Курманбек Бакиевге экран аркылуу: “Ваше превосходительство, все готово к спуску!” дегени. Экинчиси – 2010-жылдын 6-апрелинде Таласта чогулган элден Молдомуса Конгантиев менен кошо таяк жегени. Мен муну Апрель окуяларын иликтеп, мамлекеттик комиссиянын башчысы катары өз оозунан да уккам. “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт” деген ушул.


Анын сыңарындай, Акылбек Жапаров кийин кайрадан атка, төөгө минди: адегенде Жогорку Кеңешке депутат, анан министр, 1-вице-премьер-министр, азыр президенттин администрация жетекчиси – Кыргыз Республикасынын министрлер кабинентинин төрагасы. Менин байкашымча, ал өзүнө ишеним арткан президент Садыр Жапаровдун колуна кол, бутуна бут болуп жакшы иштеп жатат. Кайсы жакты (мейли республиканын борборун же аймактарын, мейли чет өлкөлөрдү) караба, бардык жерде Акылбек Жапаров жүрөт. Акыркы эки жылда анын түздөн-түз аракети, жетекчилиги менен республиканын экономикасы өсүүдө, казынасы баюуда. Өткөн жылкы өсүш 7 пайызды, быйылкысы 4 пайызды түздү, казына бара-бара байкаларлык көбөйүдө. Буга анын бизнести, экономиканы, каржыны ичкериден билген өздүк тажрыйбасы, көп окуганы (ал экономика илимдеринин доктору) адамдар менен тил табыша билгени, саясый жактан кагылып-согулган бай жолду басып өткөнү себепкер. Адамгерчилик сапаты да жакшы. Мен соңку убактарда чоң кызматтарда болбосом деле көргөндө “кандайсыз шеф?” деп жылуу мамиле жасайт. Анысына, албетте, ырахмат.


Менин баамымда, өзүнө мүнөздүү болгон айрым кемчиликтерден – аша чапкан дымактан, кызуу кандуулуктан, кээде байкала калчу текеберликтен арылып, тең салмактуулукка, токтоолукка умтулууда. Бул саясатчыга өтө керектүү жакшы сапаттар. Айрыкча Азия калкы үчүн. Ал эми С.Берлускони, Д.Трамп сыяктуу аша чапма саясатчылар Европа менен Америкага жарашат. 


Ошол эле кезде мен Акылбек Жапаровго чын пейилден, ак ниеттен бир-эки каалоо айткым келет. Биринчиден, жумушта эч убакта баарын камтуу, баарына жетишүү мүмкүн эмес.  Минтип айтканым, министрлер кабинети түрдүү багыттагы көптөгөн долбоорлорду, программаларды, демилгелерди ишке ашар-ашпасына карабастан жарыялоодо, анан кайра кетенчиктеп, баш тартууда же жоюуда. Антпестен ишке аша турган гана нерселерди так, туура тандап, аларга артыкчылык берип, каржылоо жана уюштуруу зарыл. Ансыз бул популизм жыттанып калат. 


Экинчиден, Акылбек өзү ар бир сөзүн, ишин ойлонуп, терең салмактап, таразалап айтканы эп. Айрыкча президент же башка саясатчылар жөнүндө “менин сөзүм, ишим эл тараптан кандай кабыл алынат, кандай бааланат?” деген ой дайыма жүрөктө, акыл-эсте болуу керек. Буларды айтканым, Акылбек азыр салыштырмалуу жаш, жетилген куракта. Аны дагы эмнелер күтүп турганын бир Кудай билбесе, эч ким билбейт. Анан калса адамдарда, айрыкча кыргыздарда атаандаштык, көралбастык күч эмеспи. Эмнеси болсо да мен Акылбекке ийгилик, жакшылык каалайм. Ылайым иши илгерилесин!


Абдыганы Эркебаев 

14.06.2023-жыл 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн