Маданият министрлиги Тарых музейин ушул жылдын май айына чейин ачуун пландап жатат. Бул тууралуу минстрдин орун басары Илязбек Балташев ЖКнын жыйынында билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаев Тарых музейин качан ачылышына кызыкты.
"Тарых музейин ушул жылдын май айына ачууну пландап жатабыз. Бирок анын реконструкциясы боюнча 2021-жылдын бюджетине киргизилбеген Германиядан 225 миң евро карызыбыз бар. Тарых музейин 95-жылдык мааркесине карата ачууну пландаганбыз",- деди министрдин орун басары.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн