Жалган курандын 19, 2024
Убакыт: 09:01
USD
89.40
89.77
EUR
97.20
98.20
RUB
0.960
0.990

Тарых музейинде республикалык “Сайма чемпионаты - 2021” өттү

20.12.2021 15:23
2673
Тарых музейинде республикалык “Сайма чемпионаты - 2021” өттү



 Кыргыз Улуттук тарых музейинде “Кийиз Дүйнө” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана Кыргыз улуттук тарых музейинин колдоосу менен саймачылардын Республикалык “Сайма чемпионаты- 2021” сынагын өткөрдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Иш - чара бүгүнкү күндөгү этно маданиятыбызды жана кол өнөрчүлүгүбүздү даңазалоого багытталып, кыргыз саймаларынын ордун баалап, аны алып жүрүүчүлөрдү шыктандыруу жана керме сайма сайуунун жандандырууга өбөлгө түзөт. 

Чемпионатта өзгөчө саймасы жана чыгармачылыгы менен айырмаланып I орунду Эркайым Асанбекова, II орунду Кундуз Абдыкеева, III орунду Нургүл Жээнбекова ээледи.


Чемпионатта, салт болуп калгандай, сайма боюнча өткөн жылдагы сынактын жеңүүчүсү Диляра Орозалиева быйылкы жеңүүчү Эркайым Асанбековага эстафета-чапанды тапшырды. Эми Асанбекова аны сактап, келерки жылдагы жеңүүчүгө өткөрүп бермекчи. Айтмакчы, ар бир финалист чапанга өзүнүн атын сайып калтырышы керек.

Ал эми белдемчи боюнча сынакта I орунга Сырга Өмүралиева, II орунга Эркайым Асанбекова, III орунга Батина Назаралиева татыды.


Андан сырткары, Тарых музейинде уздардын колунан чыккан туш кийиздер, панолор, элечектер, чапандар, белдемчилер, баштыктар көргөзмөгө жана сатыкка коюлду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн