Улуттук тарых музейинин алдындагы тосмо жарандардын коопсуздугу үчүн орнотулган. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, хромдолгон темир тосмо музейдин алдыңкы бөлүгүндө гана 2018-жылдын август айында реконструкциялоонун I этабынын алкагында орнотулган.
"Тосмонун бийиктиги 3 метрди түзөт. Тосмо жарандардын коопсуздугу үчүн орнотулган", - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн