Бугу 09, 2024
Убакыт: 22:22
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Тарыхый окуя болот. Акжол Махмудов Роман Власов менен боло турган беттеши тууралуу

27.03.2023 14:46
592
Тарыхый окуя болот. Акжол Махмудов Роман Власов менен боло турган беттеши тууралуу

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Иван Поддубныйдын балбандар лигасынын (PWL – 4) мелдешинде россиялык Роман Власов менен күрөшөт.


Спорттук иш-чара 26-апрелде Казакстандын Алматы шаарындагы спорт ордосунда өтөт. Махмудов менен Власов грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакта күч сынашат.


Акжол Махмудов беттеш алдында соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.


“Роман Власов экөөбүздүн кармашуубуз тарыхый окуя болорун билем. Андыктан күрөшкө өтө жоопкерчилик менен чыгып, жеңишти илип кетүү үчүн колдон келген аракеттин баарын жасайм. Карьерамдагы бул маанилүү учурга күбө болуп жатканыңар мени абдан кубандырат”, - деп жазган балбан.


Белгилей кетсек, Акжол Мухмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, ал эми Роман Власов дүйнөнүн үч жолку жана Олимпиаданын эки жолку чемпиону.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн