Бугу 21, 2024
Убакыт: 02:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Тарыхта алгачкы ирет ажылык зыяратка башка өлкөлөрдөн келүүгө тыюу салынды

30.07.2020 09:45
1221
Тарыхта алгачкы ирет ажылык зыяратка башка өлкөлөрдөн келүүгө тыюу салынды


29-июлда башталган Мекке шаарындагы ажылык зыяратка 10 миң гана киши катышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Быйыл пандемияга байланыштуу чет элдик зыяратчыларга ажылык зыяратка катышууга уруксат берилген эмес. Мындай чектөө Сауд Арабиясынын тарыхында алгачкы ирет киргизилди. Адатта 180ден ашуун мамлекеттен эки миллиондой адам беш күнгө созула турган ажылык жөрөлгөлөрүн аткарыш үчүн келчү.


Белгилүү болгондой, быйыл он миң киши гана зыярат кыла алат, алардын үч миңи – падышалыктын жарандары, калган жети миңи – өлкөдөгү чет элдиктер, иш сапарда жүргөндөр жана студенттер. Алардын баары коронавируска тест тапшырып, ажылыкка чейин жана андан кийин эки апталык карантин чараларын сактоого макулдугун билдиришкен.


АКШнын Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, Сауд Арабиясында коронавирус 270 миңдей адамдан аныкталып, 2700дөн ашууну илдеттен каза болду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн