Бугу 17, 2024
Убакыт: 09:19
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Тарыхта биринчи жолу. Марокко Испанияны жеңип, дүйнө чемпионатында алгачкы жолу чейрек финалга чыкты

07.12.2022 08:32
546
Тарыхта биринчи жолу. Марокко Испанияны жеңип,  дүйнө чемпионатында алгачкы жолу чейрек финалга чыкты

6-декабрда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын 1/8 баскычында Марокко менен Испания кез келди.


Беттеш эки тараптын бирдей үстөмдүгү ортосунда өттү. Оюндун негизги 90 мүнөтү жана кошумча 30 мүнөтүндө да гол жаралган жок.

Оюн соңунда пенальти сериясында Марокконун дарбазачысы Яссин Буну оюндун негизги каарманына айланды.

Буну "Кызыл фуриялардын" 3 оюнчусунун соккусун кайтарды.

Эсеп 3:0. Марокко өзүнүн тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.


Плей-офф баскычындагы соңку оюн Португалия менен Швейцария ортосунда болду.

Бул оюнда атактуу жылдыз Криштиану Роналду оюнга чыккан жок. Анын ордуна чыккан Гонсалу Рамуш хет-трик жасады. Бул хет-трик Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында алгачкы жолу жаралды.

Ошентип Португалия 6:1 эсебинде жеңишке жетишти жана чейрек финалда Марокко менен беттешет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн