Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 18:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Тармактык комитет Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу сунушун колдоду

27.04.2023 15:57
251
Тармактык комитет Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу сунушун колдоду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча «Ата Журт Кыргызстан» фракциясынын сунушун колдоду.


Комитет бүгүн кезексиз жыйын өткөрүп, чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Эми комитеттин чечими Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылып, Акыйкатчыны кызматтан алуу маселеси каралат.


Жогорку Кеңеш 19-апрелдеги жыйынында өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктеринин абалы боюнча акыйкатчынын бир жылдык баяндамасын уккан. Бирок сөзүн аягына чыгарбай, баяндаманы толук укпай токтотушкан. Андан кийин Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүү сунушу көтөрүлүп, ал тармактык комитеттин кароосуна жөнөтүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн