Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:15
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Тармактык комитет Бишкек - Кара-Балта жолунун курулушу менен таанышты

08.06.2020 14:47
982
Тармактык комитет Бишкек - Кара-Балта жолунун курулушу менен таанышты


Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин мүчөлөрү Бишкек - Кара-Балта жолунун курулушу менен таанышты, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.


Көчмө жыйындын алкагында жолдун курулушун жеринде көрүп чыккан эл өкүлдөрү долбоордун кечеңдеп жатканына жана анын сапатына байланышкан маселелерди көтөрүштү. Анткени жыйын жүрүшүндө коронавирус пандемиясына байланыштуу, Кытайдан келчү тиешелүү адистердин жоктугунан долбоордун аяктоо мөөнөтү жылдырылып жатканы айтылды.


Ал эми тармактык комитеттин төрага орун басары Тынчтыкбек Конушбаев жолдогу коопсуздук маселесине көңүл буруп: "Илдетке байланыштуу киргизилген карантиндик режимден пайдалыш керек болчу. Унаа каттамдары азайган маалда жергиликтүү адистер жана жумушчулар тарабынан жасалуучу иштерди улантсак, көп жумуштар бүтмөк. Айрыкча, жолдун четтеринде коопсуздук чаралары камсыздалбагандыктан, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жаралууда", - деди.  

 

Андан соң тармактык комитеттин мүчөлөрү жолдун курулушуна керектүү сырьёлор даярдалып жаткан заводдун иши менен таанышышты.

 

Белгилей кетсек, көчмө жыйынга депутаттар Тынчтыкбек Конушбаев, Алтынбек Жунус уулу, Даният Аттокуров, Калдарбек Баймуратов, Улугбек Ормонов, Нурбек Тотонов, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов баштаган өкмөт өкүлдөрү катышууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн