Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:08
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.845
0.885

Тартиптин сакталышы инфекциясынын жайылуусун кескин төмөндөтөт, - профессор

17.07.2020 08:09
1048
Тартиптин сакталышы инфекциясынын жайылуусун кескин төмөндөтөт, - профессор


Тартиптин сакталышы коронавирус инфекциясынын жайылуусун кескин түрдө төмөндөтөт. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, профессор, Россиянын Табият таануу илимдер академиясынын академиги, «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда белгиледи.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, COVID-19дун жайылуусун алдын алуу боюнча Омор Касымов эпидемиологиялык жагымдуу абалды кармоого жана калк арасында өлүм көрсөткүчтөрүн төмөнкү деңгээлде сактап калууга мүмкүн болгон Грузиянын, Балтика жана Скандинавия өлкөлөрүнүн жакшы тажрыйбаларын белгиледи.

«Биринчи кезекте тартипти сактоо керек: социалдык аралыкты кармоо, колду жуу, коргоочу бет каптарды кийүү. Ошондой эле инфекция жуккандарды жана алардын жакындарын өзүнчө бөлүп обочолонтуу зарыл. Бул чараларды сактоо менен инфекциянын жайылышы 15%га азаят», - деп айтты ал.

Кыргызстанда бул принциптердин сакталбашы инфекция жуккандардын санынын кескин көбөйүшүнө алып келгендигин билдирди профессор Омор Касымов.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн